Бишкекте дээрлик 4 млн сомдук алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
20 апрель

Бишкекте дээрлик 4 млн сомдук алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

2026-жылдын 24-мартында Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБине Д.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, «Т.» аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, аталган жаран 2025-жылдын март айынан май айына чейинки мезгилде ишеничине кирип, минералдык жана химиялык жер семирткичтерди сатуу боюнча агромагазинге инвестиция салуу шылтоосу менен 3 937 500 (үч миллион тогуз жүз отуз жети миң беш жүз) сом акчасын алдоо жолу менен ээлеп алган. Андан соң өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбастан, изин жашырып кеткен.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-(алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1988-жылы туулган А.Т. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Ал Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.