Ош шаарындагы экс вице-мэрге таандык имарат бузулат
Бүгүн, 28-январда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Курманжан-Датка аймактык башкармалыгына караштуу А.Шакиров көчөсүндө кезектеги таңкы рейд өткөрдү.
Мэриядан кабарлашкандай, рейддин жүрүшүндө аталган көчөдө жайгашкан бир катар коммерциялык багыттагы объекттер муниципалдык жер тилкесине мыйзамсыз курулгандыгы аныкталды.
Алардын ичинде экс-вице-мэр Ж.Азимовго таандык имарат бар экени белгилүү болду. Мэр мыйзам бузган объекттерди демонтаждоо иштерин мыйзам чегинде баштоо боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.
Мындан тышкары, шаар мэри А.Шакиров көчөсүндө жайгашкан “Глобус” соода борборунун жана “Нурзаман” курулуш компанияларына тиешелүү аймактардагы коммерциялык объекттердин мыйзамдуулугун текшерүү тапшырмасын берди. Ошондой эле аталган көчөдө жайгашкан спорт объектин жана ресторанды алып салууга тийиш болгон аймактарды так аныктап, белгилеп чыгуу милдети коюлду.
