Республика аймагында «Кошумча жабдык» рейди жүрүп жатат
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан өлкө аймагында «Кошумча жабдык» аталышындагы рейд жүрүп жатат. Рейддин алкагында автоунааларга кошумча жабдык орнотуп алгандар, лед фара коюп алгандар текшерилип, тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
Урматтуу айдоочулар түнкү убакытта жолдо бара жатып өзүңүздү гана эмес карама каршы тилкеде келе жаткан айдоочуларды дагы ойлоңуз. Себеби түнкү учурда көзгө катуу чагылышкан жарык айдоочунун көрүү мүмкүнчүлүгүн азайтат. Ошондуктан бири-бирибизди сыйлап, айдоочулук маданияттуулукту жогорулаталы.
