Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери уланууда
Ош мэриясы
20 апрель

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери уланууда

Ош шаарынын аймагында уруксат берүүчү документтери жок же курулуш талаптарына жооп бербеген объекттер аныкталып, аларды бузуу иштери улантылууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Учурда Курманжан датка көчөсүндө мыйзамсыз курулган бизнес объекттер демонтаждалып, мыйзамсыз курулуштар тиешелүү кызматтар тарабынан толугу менен баштапкы абалына келтирилди.

Аталган иштер шаардык инфраструктураны тартипке келтирүү, мыйзам талаптарын камсыз кылуу жана жол куруу иштерине тоскоолдуктарды жоюу максатында жүргүзүлүүдө.