ТИМ орун басары Өзбекстан кыргызстандык айдоочуларга карата тарифтерин жокко чыгарбаса, Кыргызстан дагы ошондой чара кабыл алаарын билдирди
29 январь

ТИМ орун басары Өзбекстан кыргызстандык айдоочуларга карата тарифтерин жокко чыгарбаса, Кыргызстан дагы ошондой чара кабыл алаарын билдирди

Өзбекстандын аймагына кирген же аны транзит катары пайдаланган кыргызстандык айдоочулар бир катар төлөмдөрдү төлөөгө туура келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Ал КР тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиевге кайрылды:

“Кыргызстандык айдоочулар Өзбекстанга кирээри менен алардан камсыздандыруу сатып алууну талап кылышат. Ошондой эле эгерде автоунаасында тонировка бар болсо, ал үчүн акча төлөттүрүшөт. А ошол эле учурда өзбекстандык айдоочуларга карата бизде мындай чаралар колдонулбайт. Коңшу өлкө менен сүйлөшүп, биздин айдоочуларга да биздегидей мамиле кылууга жеткирсек болбойбу?”.

Алмаз Имангазиев мындай маселе бар экенин тастыктады.

“Бул боюнча өткөн жылы маселе көтөрүлгөн жана Өзбекстан менен учурда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эгерде коңшу өлкө жакын арада бул тарифтерин жокко чыгарбаса, анда биз дагы өзбекстандык автоунаалар боюнча окшош чара кабыл алабыз”, – деди ал.