www
16 март
Дэн Сяопин проспекти менен Интергельпо көчөсүнүн кесилиши убактылуу жабылат
Бишкек шаарында 2026-жылдын 17-мартынан 19-мартына чейин жолду оңдоо иштерине байланыштуу Дэн Сяопин проспекти менен Интергельпо көчөсүнүн кесилишинде унаа кыймылы убактылуу чектелет.
Аталган күндөрү Дэн Сяопин проспекти менен Интергельпо көчөсүнүн кесилиши унаалар үчүн толугу менен жабылат. Интергельпо көчөсүнүн батыш тарабы да толук жабылат, ал эми чыгыш тарабы убактылуу бир тараптуу кыймыл режиминде иштейт.
Бишкек мэриясы шаар тургундарынан жана конокторунан жол оңдоо иштерине байланыштуу жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.
