Кыргызстан менен Өзбекстан суу ресурстары тармагындагы кызматташтыкты күчөтүүдө
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Жээналиев Өзбекстан Республикасынын Суу чарба министрлигине барды. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Өзбекстан Республикасынын суу чарба министри Шавкат Хамраев менен болгон жолугушууда суу чарба тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоонун келечеги талкууланды.
Кыргыз делегациясынын сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасында суу чарба тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар, заманбап илимий иштеп чыгууларды жайылтуу боюнча чаралар, ошондой эле тармактагы адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча маалыматтар сунушталды.
Алмаз Жээналиев Суу чарбачыларынын мектебинин, китепкана комплексинин жана Ирригация жана суу көйгөйлөрү боюнча илимий-изилдөө институтунун лабораторияларынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ошондой эле композиттик материалдардан жасалган сугат лотокторун өндүрүүчү ишкананы көрүп чыкты.
Тараптар суу ресурстарын башкаруу жаатындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана алдыңкы тажрыйбаларды киргизүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.
