«Кызмат» жарандар үчүн документтерди тариздөөнү жөнөкөйлөттү
29 январь

«Кызмат» жарандар үчүн документтерди тариздөөнү жөнөкөйлөттү

Ушул жылдын 23-январынан тартып Кыргыз Республикасынын 16 жашка толо элек жарандары үчүн жалпы жарандык паспортко документ тапшыруу тартиби жөнөкөйлөтүлдү. Бул тууралуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси билдирет.

Маалыматта айтылгандай, мындан ары паспортту тариздөөдө жашаган жери боюнча каттоонун (прописканын) болушу талап кылынбайт. Мурда мындай талап каралган.

Жашы жете элек баласына жалпы жарандык паспорт алуу үчүн документ тапшырууда ата-энесинин биринин катышуусу мүмкүн болбосо, нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлгөн макулдук «Электрондук нотариат» маалыматтык системасында жеткиликтүү болуп, арыз берүүчүдө уникалдуу код болгон шартта кызматкерлер аталган макулдук тууралуу маалыматты автоматтык түрдө ала алышат. Кыргыз Республикасынын аймагында таризделген бардык ишеним каттар Калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) автоматташтырылган маалыматтык системалары менен интеграцияланган.

Ошондой эле нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде жарандарды жашаган жери жана келген жери боюнча каттоодон чыгаруу мүмкүнчүлүгү каралды. Буга чейин катталган жаран КТБга жеке өзү кайрылууга тийиш болчу.

ID-картасын алмаштырган жарандар үчүн ата-энесинин биринин улуту боюнча улутун өзгөртүүгө өзүнчө жүйө кошулду.

Аталган жаңычылдыктын бардыгы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы №856 токтомуна ылайык ишке ашырылды.