Имангазиев Кыргызстанга кире албай калган казакстандыктар тууралуу: 2026-жылдын биринчи жарымында мүмкүнчүлүктөрдү карап көрөбүз
29 январь

Имангазиев Кыргызстанга кире албай калган казакстандыктар тууралуу: 2026-жылдын биринчи жарымында мүмкүнчүлүктөрдү карап көрөбүз

Казакстандын мыйзамдарына ылайык, кыргызстандыктар чет өлкөлүк болуп саналат. Мындан улам кыргызстандык жана казакстандык менен курулган үй-бүлөдө жубайлардын бири Казакстанда, экинчиси Кыргызстанда жашоого аргасыз. Ал эми балдар энеси менен калууга тийиш. 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Дастан Бекешев билдирди. Айтымында, ал эки өлкөнүн миграциялык мыйзамдарына киргизилген өзгөрүүлөр айрым интерулуттук үй-бүлөлөргө кесепетин тийгизип жатканы тууралуу бир катар окуяларды уккан. 

“Жарандарды бөлүү болуп жатат. Мындай мыйзам бизде да, Казакстанда да бар. Коңшу өлкөнүн тийиштүү кызматтары менен сүйлөшүп, муну жөнгө салууга болобу? Балким, казакстандыкка Кыргызстанда туруктуу жашоо уруксаты берилсе же үй-бүлөлүк визаны карап көрүү туура болот?” – деди депутат.  

КР тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев мындай чараны биринчи Казакстан кабыл алганын, эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн алкагында, ал 2023-жылдан 2025-жылдын декабрына чейин колдонулбаганын билдирди. 

“Тилекке каршы, 2025-жылдын декабрь айында Казакстан 90-108 режимин кайрадан улантып баштады. Ага байланыштуу кыргыз тарап дагы ошондой чара көрүүгө аргасыз болдук. Бул мыйзамды билбеген жарандар Кыргызстандын аймагына кире албай калышты. Бирок биз чек араны көзөмөлдөп турабыз, мындай абалда калган жарандар өтө аз. 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында мүмкүнчүлүктөрдү карап, гуманитардык аспект менен өлкө аймагына кире албай жарандар үчүн кандайдыр бир кадамдарга барабыз”, – деди Имангазиев. 

Бекешев кыргызстандыктардын жакын тууганы же үй-бүлө мүчөсү болуп эсептелген казакстандыктарга ПМЖ (туруктуу жашаган жери) берүүнү сунуштады эле, министрдин орун басары анын кереги жоктугун билдирди. 

“Аларга Кыргызстандын аймагында бир жылга каттоого туруу жетишти. Мында бюрократия жок, Калкты каттоо департаменти аркылуу турушат, алтургай онлайн турууга да болот. Бирок бул үчүн ал жарандар Кыргызстандын аймагына келиши керек, өлкөнүн ичинде гана каттоого туруу жүргүзүлөт”, – деди ал. 

Имангазиевдин айтымында, мыйзамдагы өзгөрүүлөр тууралуу жарандарга маалымат жеткирилген, Чек ара кызматтарына кабарланган. Бирок жаңылык окубаган жана укпаган жарандар бар болгондуктан, азыркы кырдаал түзүлүүдө.