Кийинки аптанын бейшемби күнү Министрлер кабинети Жогорку Кеңешке чакырылды
Бүгүн, 29-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу кийинки аптанын бейшемби күнү Министрлер кабинетин парламентке келип, соңку учурлардагы өлкөдөгү жагдайлар боюнча маалымат берүүгө чакырды.
Тагыраагы, коомчулукта, айрыкча эки күндөн бери парламентте Министрлер кабинетинин жасап жаткан иштерине карата нааразычылыктар көп айтылып жатканын белгилеген Төрага:
“Өлкөдөгү социалдык жана башка багыттагы олуттуу маселелер боюнча Министрлер кабинетинин толук курамы келип депутаттардын суроолоруна жооп беришсин”, – деди.
