Чүйдө жол жээктерине партулдук унаалардын жана аттардын макеттери орнотулат
Жайыл районунда жол коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар көрүлүүдө, деп билдирет Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы.
Билдирүүгө ылайык, жол жээгиндеги орто билим берүү мекемелеринин алдындагы жөө өтмөктөргө патрулдук унаалардын жана жарык чагылдыруучу жаныбарлардын макеттерин орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
Башкы максат айдоочулардын жана жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо болуп саналат.
Бул чара айдоочулардын көңүлүн окуу жайларынын жанында жана ашууларда этият болууга буруу, ошондой эле балдар көп жүргөн жол тилкелеринде ылдамдыкты азайтуу зарылдыгын эскертүү максатын көздөйт.
