ТМУга мүчө-мамлекеттердин муфтийлери Бишкекте көчөт отургузушту
ТМУга мүчө-мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагалары (муфтийлери) 12-сентябрда Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынын короосунда көчөт отургузушту. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Жашылдандыруу иш-чарасы ордо калаада өтүп жаткан ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн муфтийлеринин VI саммитинин алкагында уюштурулуп, символикалык мааниге ээ болду.
Анткени аталган саммитте климаттын өзгөрүшүн токтотуу, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык маселелерди чечүү жөнүндөгү чакырык да камтылган болчу.
Парник эффектиси себептүү глобалдык жылууланууга каршы туруу жана климатты коргоого багытталган символикалык иш-чарада арча көчөттөрү отургузулуп, ага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын башчысы, баш муфтий Ноорузбай ажы Таган уулу, Түркия Диянет иштери башкармалыгынын башчысы, проф., др. Али Эрбаш катышып, ааламдын амандыгы, дүйнөнүн тынчтыгы, үммөттүн биримдиги үчүн дуба кылышты.
