Оштун мэри аймактар аралык каттамдагы унаалар үчүн жаңы тартип киргизди
Ош мэриясы
16 март

Оштун мэри аймактар аралык каттамдагы унаалар үчүн жаңы тартип киргизди

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Курманжан-Датка муниципалдык аймагындагы Монуев көчөсүндө жайгашкан жаңы унаа токтоочу жайды максаттуу пайдалануу үчүн жеринен көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Шаар башчысы жол кыймылын тартипке келтирүү жана аймактар аралык каттамдагы такси кызматын аркалагандардын ишин жөнгө салуу максатында жаңы уюштурулган унаа токтоочу жайды Өзгөн, Кара-Кулжа, Алай жана Чоң-Алай райондоруна каттагандар үчүн пайдаланууга берүү чечимин кабыл алды. Бул багытта тиешелүү кызматтарга зарыл уюштуруу иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле мэр Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын аймагындагы унаа токтоочу жайга орнотулган жаңы технологиядагы тосмону тез арада ишке киргизүүнү тапшырып, унаа кыймылын тартипке келтирүү жана аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.

сырткары, оорукананын аймагынан агып өткөн Увам каналынын жээгин көрктөндүрүп, шаар тургундары үчүн эс алуучу сквер уюштуруу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берилди.