Сак болуңуз! Тоолуу аймактарда кар көчкү жүрөт
Ушул жылдын 29-январынан 31-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ эскертет.
Маалыматка ылайык,
- Бишкек – Ош унаа жолунун 198-255 чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу),
- Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 65-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),
- Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында кар көчкү түшүп,
- кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалар ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
