КР Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерлерди колдоону күчөтүүнү көздөөдө
29 январь

КР Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерлерди колдоону күчөтүүнү көздөөдө

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов министрликтин коллегиясында сүйлөп жатып, саламаттык сактоо системасы бир катар олуттуу чакырыктарга туш болуп жатканын билдирди. Анын ичинде инфраструктуранын эскириши, башкаруу процесстеринин ашыкча жүктөлүшү жана кадрлардын сыртка агып кетиши бар.

Ошол эле учурда, министрдин айтымында, тармакта олуттуу кесиптик потенциал бар.

Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык көз карашы башкарылуучу, заманбап жана туруктуу моделди түзүүгө багытталганын белгиледи. Бул модель профилактикага, клиникалык башкарууга жана жыйынтык үчүн жоопкерчиликке негизделиши керек. Ал көйгөйлөргө жооп кайтаруудан алардын алдын алууга өтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, система борбор калаада да, өлкөнүн аймактарында да бирдей натыйжалуу иштеши зарыл экенин баса көрсөттү.

Министр кадр маселелерине өзгөчө көңүл бурду.

Анын айтымында, кадрдык потенциалды чыңдоо боюнча бир катар чаралар көрүлүүдө. Алардын катарына медициналык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу, турак жай менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү, аймактарда иштеген дарыгерлерди колдоо, адистерди даярдоонун эл аралык программаларын өнүктүрүү, ошондой эле чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн медициналык кадрлардын мекенине кайтып келүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү кирет.

Министр белгилегендей, бул өзгөрүүлөр Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун жеке көңүл буруусунун жана ар тараптуу колдоосунун аркасында мүмкүн болуп, мамлекет башчысы саламаттык сактоо тармагында системалуу реформаны ишке ашыруу милдетин койгон.