Жалал-Абадда автоээнбаштык жасаган үч унаага 35 миң сом айып салынды
Жалал-Абад облусунда үч унаага 35 миң сом айып салынып, айып короого токтотулду. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын айтымына караганда, облуста өткөрүлгөн рейддин алкагында автоээнбаштык жасаган жана үн чыгаруучу каражаттарды мыйзамсыз орноштуруп алган Mercedes-Benz, Тoyota Camry жана Lexus үлгүсүндөгү унаалар кармалды.
Бул унаалардын айдоочуларына жалпы 35 миң сом айып салынып, унаалары айып короо жайына токтотулду.
