Калкты тейлөө борборлорунан маалымкат алуу кымбаттады – 1 кагаз 1000 сомдон ашуун
Кыргызстанда Калкты тейлөө борборлорунда (ЦОН) бир маалыкатты алуу үчүн жарандар миң сомдон ашык акча төлөөгө аргасыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
Айтымында, ага шайлоочулар кайрылышкан жана ЦОНдун кызмат көрсөтүү бааларына нааразы болушкан.
“Мисалы, бир жаран баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алмаштыруу үчүн барган. Бирок ага бланк жоктугун айтып, күбөлүктү чыгарып берүүдөн баш тартышкан. Ал эми “ооба, ушул балага буга чейин туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген болчу” деген маалымкатты алуу үчүн 1100 сом төлөгөн. Дагы бир жаран документтерге дубликат жасатыш үчүн барып, ал дагы миң сомдон ашуун акча төлөгөн. Бизде эмне принтер боюнча көйгөй барбы? Эмнеге мынча кымбат болуп жатат? Ооба, түшүнөм, ЦОН акча табыш керек, бирок мамлекеттик кызматтар – бул бизнес эмес да. Мыйзамда так жазылган: алардын кызмат көрсөтүүсү өздүк наркта болушу керек”, – деди Бекешев.
“Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Эрнес Досалиев бардык 50 жашка чейинки кыргызстандыктар “Түндүктө” санариптик документтерге ээлик кылаарын билдирди.
“Бул документтер юридикалык күчкө ээ жана бекер берилет. Документти Кыргызстан ичинде колдонуучуларга даярдап беребиз. А эгерде мамлекеттен тышкары жерлерде колдонууну максат кылышкандар болсо, анда аларга кагаз жүзүндө чыгарабыз”, – деди ал.
Бекешев санариптик технологияга дайыма эле ишене берүүгө болбой турганын айтты:
“Кээде “Түндүк” иштебей калат, кээде телефон жок болуп калат же уурдатып жибересиң. Ага ишене бербей, документтердин дубликатын бергиле да, акчасын төлөткөндөн кийин. Биз бардык кагаз жүзүндөгү документтер жокко чыгарылат деген эмеспиз, санарип документтер менен кагаз жүзүндөгү документтердин юридикалык күчү теңдештирилет дегенбиз”, – деди Дастан Бекешев.
Ал бул маселени комитетте карап чыгууну сунуштады.
