2025-жылы Кыргызстанда энелер өлүмүнүн 48 учуру катталды
29 январь

2025-жылы Кыргызстанда энелер өлүмүнүн 48 учуру катталды

Кыргызстанда 2025-жылы энелердин өлүмү көбөйгөнү катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов министрликтин коллегиясында сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, отчеттук мезгилде энелердин өлүмүнүн 48 учуру катталган. Бул 100 миң тирүү төрөлгөн балага 34,8 учур туура келет. Бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 35,4 пайызга жогору. Тактап айтканда, өткөн жылы 36 учур же 100 миң тирүү төрөлгөн балага 25,7 учур катталган.

Министр энелердин жана ымыркайлардын өлүмү саламаттык сактоо системасынын абалын көрсөткөн негизги индикаторлор экенин белгилеп, бул багыттар аялдардын жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өмүрүн сактоо менен түздөн-түз байланыштуу болгондуктан, ар дайым артыкчылыктуу болушу керектигин айтты.

Каныбек Досмамбетов энелердин өлүмүнүн өсүшүн «башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн олуттуу белги» деп атап, тиешелүү чаралардын комплексин шашылыш түрдө, бир жуманын ичинде иштеп чыгууну тапшырды. Ал артыкчылыктуу милдеттердин катарында антенаталдык байкоо стандарттарын медициналык жардамдын сапатына басым жасоо менен кайра кароону, алгачкы медициналык звено менен стационарлардын ортосундагы санариптик байланыштарды күчөтүүнү, ошондой эле кош бойлуу аялдарды, айрыкча тобокелдик тобуна киргендерди катуу маршрутташтырууну белгиледи.

Мындан тышкары, министр телемедициналык консультацияларды кеңейтүүнүн жана пренаталдык скринингди киргизүүнүн зарылдыгына токтолду.

«Оорулардын алдын алуу, өз убагында ооруканага жаткыруу жана квалификациялуу медициналык жардамга жеткиликтүүлүк артыкчылыктуу багыт болушу керек», – деп баса белгиледи ал.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясында 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда ымыркайлардын өлүмү азайганы маалымдалды. Бул көрсөткүч 1000 тирүү төрөлгөн балага 13,5 учурду түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 4,2 пайызга төмөндөгөн. Ошол эле учурда ымыркайлардын өлүмүнүн себептеринин түзүмү өзгөрүүсүз бойдон калган, бирок инфекциялык жана паразитардык оорулар боюнча өсүш катталган.