Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таратуу боюнча демилгечи топ түзүлдү
12 сентябрь

Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таратуу боюнча демилгечи топ түзүлдү

Жогорку Кеңеште депутаттарды өз алдынча таркатуу боюнча демилге даярдалып жатат. Бул тууралуу редакцияга өздүк булактар кабарлашты. 

10-сентябрда демилгечи топ түзүлүп, алгачкы жыйынын өткөргөн.

Маалыматка ылайык, бул сунуш 20-сентябрдан кийин парламенттин кароосуна коюлушу мүмкүн.

Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңешти таркатуу демилгеси депутаттардын кеминде үчтөн бири (30 депутат) тарабынан көтөрүлүп, аны жалпы депутаттардын үчтөн экиси (60 депутат) колдоого тийиш.

Эгер мындай чечим кабыл алынса, мөөнөтүнөн мурда шайлоо чечим чыккан күндөн тартып 40тан 65 күндүн ичинде өтүшү керек. Демек, эгерде чечим октябрдын башында кабыл алынса, шайлоо ноябрдын аягында өтүшү ыктымал.

Жогорку Кеңештин азыркы – жетинчи чакырылышынын конституциялык мөөнөтү 2026-жылдын ноябрында аяктайт.

Демилгечилер жакынкы күндөрү расмий сунушун жарыялай турганын билдиришти. Ал эми шайлоочулар алдыдагы мөөнөтүнөн мурда шайлоодо сегизинчи чакырылыштын курамын аныктамакчы.