Энергетиктерге жаңы техникалардын ачкычтары тапшырылды
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы – Ысык-Көл электр тармактар ишканасында энергетиктер үчүн маанилүү иш-чара болуп өттү. Ишкананын жетекчиси Б. Шадыканов тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жаңы бригадалык автоунаалардын ачкычтарын тапшырды.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Жетекчиси Адылбек Касымалиев тарабынан Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине жалпы 37 даана атайын техника тапшырылган. Анын ичинен 4 даана техника Ысык-Көл электр тармактар ишканасына бөлүнгөн.
Тактап айтканда, алынган жаңы техникалар төмөнкүдөй кызматтарга бекитилди:
JAC үлгүсүндөгү эки автоунаа – Тоң райондук электр тармагына жана Түп райондук электр тармагынын «Каркыра» участогуна;
JAC N56 үлгүсүндөгү автоунаа – курулуш-монтаждоо кызматына;
SHANMON экскаватору – темир-бетон буюмдарын чыгаруучу цехине бөлүштүрүлдү.
Жылдан жылга энергетика тармагындагы материалдык-техникалык база чыңдалып, кызматкерлер үчүн шарттар жакшыртылып келет. Бул өз кезегинде энергетиктердин ыкчам жана сапаттуу иш алып баруусуна шарт түзөт.
Жаңы техникалар электр энергиясын жеткирүүдө тейлөөнүн сапатын жогорулатып, күз-кыш мезгилине өз убагында жана натыйжалуу даярдык көрүүгө мүмкүнчүлүк берип, электр энергиясы менен камсыздоонун коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн арттырууга чоң салым кошот.
