Жалал-Абадда баңги лабараториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
23 октябрь

Жалал-Абадда баңги лабараториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Жалал-Абадда баңги лабараториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду, деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык,  КР ИИМдин БМЖКККга Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында “А” аттуу жаран ири ѳлчѳмдѳ баңгизатын сактап жана сатып жүргѳндүгү тууралуу маалымат келип түшкѳндүгүн билдирген.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар 2024-жылдын 23-июль күнү Жалал-Абад ШИИБдин МЭЖне катталып КРнын КЖКнын 283-бер. кылмыш иши козголгон.

Тергѳѳнүн жүрүшүндѳ Жалал-Абад шаарынын аймагында ири ѳлчѳмдѳ баңгизатын жасоо, сатуу менен алектенген “А” аттуу жарандын ѳздүгүн жана анын кылмыш тобунун ар бир мүчѳсүн аныктап, алардын кылмыш аракетине бѳгѳт коюу максатында бир нече атайын тергѳѳ амалдары жүргүзүлүп, натыйжада “А” аттуу жарандын ѳздүгү  Жалал-Абад шаарынын тургуну  чет мамлекеттин жараны 1995-жылы туулган Ю.Ф.М. экендиги такталып, ошондой эле ал ѳзү жашаган даректе аптекалык дары-дармектердин аралашмасы менен бангизаттын психоактивдүү түрлѳрүн  жасоо үчүн атайын лаборатория жана кылмыштуу топ уюштургандыгы тууралуу маалымат алынган.

2024-жылдын 14-октябрь күнү кызматтык иттин жардамында Ф.Ю.М жарандын үйүндө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, ѳз ыктыяры менен 3 литрдик банкага салынган кескин жыты бар болжол менен марихуана баңгизатын тапшырып берди.

Андан сырткары, тинтүү жүргүзүү учурунда Ю.Ф.М. үйүнүн батыш тарабында жайгашкан сарайынын ичинде 5 даана пакетке салынган кескин жыты бар болжол менен 3-4 кг болгон марихуана баңгизаты жана 100 миллиграмдык  33 даана медициналык этил спиртинин бош бѳтѳлкѳлѳрү, ар кандай майда кѳлѳмдѳгү белгисиз суюктуктар, 1 литр кѳлѳмдѳгү желим бѳтѳлкѳгѳ куюлган спирт жыттанган суюктуктар, сода, электр плита, ичинде баңгизат калдыктары менен ар кандай кѳлѳмдѳгү темир идиштер, сита, баңгизат калдыктары менен 3 кайчы, 3 бычак, баңгизат колдонуу үчүн даярдалган атайын идиштер жана ошондой эле бангизат жасоо үчүн колдонулган ар кандай майда буюмдар алынды.

Ыкчам иликтѳѳ иштеринин натыйжасында Жалал-Абад шаарынын аймагында акыл эске терс таасир этүүчү баңгизат жасоо, ташуу, сатуу менен алектенген Ю.Ф.М. уюштурган мыйзамсыз лабораториянын  жана кылмыштуу топтун кылмыш аракетине бѳгѳт коюлду.

Азыркы учурда Ф.Ю.М. үйүнѳн алынган заттар жана буюмдар боюнча туура юридикалык баа берүү үчүн атайын соттук химиялык экспертизалар
дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.