Бишкекте алдамчы аял кармалды
20 август

Бишкекте алдамчы аял кармалды

2025-жылдын 28-июль куну Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге М.М.,аттуу жаран кайрылган, себеби чала тааныш «С.»., аттуу 2025-жылдын март айынан тартып алдоо жолу менен чет өлкөлүк кайрымдуулук фондторунун биринен кыймылсыз мүлк жана 6 даана автоунаа алып берем деген шылтоо менен ишеничине кирип, 3 млн 500 сом акчасын ээлеп алган тууралуу билдирген.

Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 209-беренесине ч.4. (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1999-жылы туулган С.А., аттуу жаран аныкталып, Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасын КЖПКнын 96-беренесине ылайык БШИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.