Депутат Курулуш министрлигиндеги айлык маяналарды кайра талкууга алууну сунуштады
www
13 май

Депутат Курулуш министрлигиндеги айлык маяналарды кайра талкууга алууну сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында буга чейин депутаттардын талкуусуна алынган Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине байланыштуу маселе кайра эске салынды. 

Депутат Нурланбек Тургунбек уулу төрага болуп турганда, аталган министрликке байланыштуу маселелерди изилдөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөнүн, бирок максатына жетпей калганын билдирди. 

Ал кайрадан комиссия түзүп, курулуш иштери кандай жүрүп, социалдык объектилер кандай курулуп жатканын текшерүү жана министрликтеги айлык акыны да талдоо керектигин айтты. 

Спикер Марлен Маматалиев ар бир депутаттык топко депутаттык комиссиянын курамы үчүн талапкерлерин аныктоону тапшырды.