Тармактык комитет Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алды
Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети бүгүн, 16-марттагы жыйында Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алды.
Талкуу маалында депутат Гүлай Машрапова жарандардын биометрикалык жана жеке маалыматтарын коргоонун механизмдери жана кепилдиктери тууралуу маселе көтөрдү. Депутат Гүлшаркан Култаева мессенджерлерде алдамчылык аракеттери көбөйүп жатканын айтып, жарандардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн санариптик сабаттуулугун жогорулатуу зарылдыгына көңүл бурду. Кутман Мамыров алдамчылыктан коргонуунун натыйжалуу ыкмаларынын бири эки факторлуу идентификацияны колдонуу экенин белгилеп, социалдык тармактарга жеке маалыматтарды жайгаштырбоого чакырды. Ал ошондой эле агенттик тарабынан мамлекеттик органдар арасында санариптик коопсуздукту сактоо маселелери боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Депутат Салтанат Аманова SIM-карталардын ишине көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгилеп, акыркы учурларда телефон аркылуу жасалган алдамчылык аракеттер көбөйгөнүн, шылуундар алдамчылык чалууларын жасоодо көбүнчө чет өлкөлүк номерлери бар SIM-карталарды колдонушарын кошумчалады. Депутат Болот Сагынаев жарандардын жеке маалыматтары мамлекеттик маалыматтык системалардан чыгып кеткен учурларда жоопкерчилик маселесине жана жеке маалыматтарды коргоо кепилдиктерине кызыкты. Комитеттин төрайымы Токтобүбү Ашымбаева жеке маалыматтарды көзөмөлдөө жана коргоо механизмдерине токтолуп, мектептердеги электрондук күндөлүктөр тууралуу да кеп кылды. Эл өкүлү электрондук күндөлүк системасында окуучулардын жана алардын ата-энелеринин жеке маалыматтарынын чоң көлөмү иштетилерин эске салды.
