Бишкекте топ эркектердин арасында мушташ чыкты
Бишкектин 7-кичи районунда болгон мушташка катышкан адамдар кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Милициянын маалыматына караганда, «102» кызматына белгисиз адамдардын ортосунда чыр чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге ыкчам түрдө укук коргоо органдарынын кызматкерлери барып, төрт жаранды аныктап, райондук башкармалыкка алып келишкен: М.Н. (1999-ж.т.), А.А. (1999-ж.т.), Г.Р. (1998-ж.т.) жана Р.Д. (2000-ж.т.).
Текшерүүнүн жүрүшүндө алар КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси («майда бейбаштык») боюнча кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Милиция коомдук тартипти бузуу, агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтүү жана коомдук жайларда мушташууга катышуу үчүн мыйзамда жоопкерчилик каралганын эскертип, айрым учурларда 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулушу мүмкүн экенин белгиледи.
