Нарын дарыясынын жээгине салынган аллеяга ак илбирстин скульптурасы коюлат
27 февраль

Нарын дарыясынын жээгине салынган аллеяга ак илбирстин скульптурасы коюлат

Нарын дарыясынын жээгине салынган аллеяга ак илбирстин скульптурасы коюлат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан кабарлашты. 

Кыргызстандын улуттук символу - ак илбирстин элесин ишкер Муса Жусаев жеке демилгеси жана каржылоосу менен жасатып, шаардагы белгилүү аймактарга көрк берүү жана ак илбирсти таанытуу максатында орнотууну максат кылган.

Учурда илбирстин статуясын жээк аллеясына бийик кылып, таш менен орнотуу пландалууда.