Садыр Жапаров: Теңгиз Бөлтүрүк өзүнө 6 миң долларлык отургуч алыптыр
Сүрөт ачык булактардан алынды
14 август

Садыр Жапаров: Теңгиз Бөлтүрүк өзүнө 6 миң долларлык отургуч алыптыр

Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде Кумтөрдүн мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн акыркы убакта социалдык тармактарга тараган билдирүүлөрүнө жооп берди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Теңгиз Бөлтүрүк компаниядагы коррупциядан улам орун басарлары менен кошо камалганын айтты. 

"Прокуратура мыйзам бузуулардын барын таап чыкты. Бөлтүрүк баш болгон 5-6 адам камалды. Кийин алар зыяндын баарын төлөп чыгышты. Бөлтүрүктүн андан башка дагы бир кызык окуясы бар. Эч кимге айтпай "Кумтөрдүн" имаратын көчүрөм деп, мыйзамдагы уурунун имаратын ижарага алыптыр. Анын ижара акысы да аттын башы — дээрлик 1 млн доллардай. Аны ремонт кылып, жабдыктарды алыптыр. Өзүнүн эле отурган отургучу 6 миң доллар турат экен. Кийин тергөөчүлөргө: “Менин боюм кичинекей, арзан креслодон көчүгүм сыйгалана берет. Ошон үчүн 6 миң долларлык отургуч алдым” дептир", - деди президент.

Садыр Жапаров Теңгиз Бөлтүрүк менен ал камалар алдында кезиккенин, ал өз күнөөсүн мойнуна алгандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, мындан бир нече күн мурда Теңгиз Бөлтүрүк социалдык тармактагы баракчасына Кумтөр кенин Кыргызстанга кайтаруу боюнча жумушту башынан аягына чейин ал аткаргандыгын жазып чыкты.