22-июлдан тарта Васильевский тракт көчөсүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет
Бишкек мэриясы
22 июль

22-июлдан тарта Васильевский тракт көчөсүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет

2026-жылдын 22-июлунан тартып Васильевский тракт көчөсүн реконструкциялоонун бешинчи этабы башталат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Реконструкция убагында Манас айылынан Ак-Жол айылына чейинки тилкеде жолдун бир тарабы жабылат.

Унаалардын кыймылы эки багытта тең жүрүү мүмкүнчүлүгүн сактоо менен жолдун каршы тарабы аркылуу уюштурулат.

Көчөнү толугу менен жабуу каралган эмес. Унаалардын эки багыттагы кыймылы жүрүүчү бөлүктүн бир тарабы менен жүргүзүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен кароого, жол белгилеринин талаптарын жана жөнгө салуучулардын көрсөтмөлөрүн сактоого, ошондой эле мүмкүн болсо жүрүү багытын алдын ала пландаштырууга чакырат.