Ош облусу атаандаштыкка жөндөмдүү туристтик аймакка айланат
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов менен жолугушту.
Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 13-августта өттү.
Жолугушууда Ош облусундагы туризмдин абалы, туристтик инфраструктураны жакшыртуу, инвестиция тартуу жана туристтер үчүн коопсуз шарттарды түзүү маселелери каралды.
Аманкан Кенжебаев туризмден түшкөн кирешелерди туристтик аймактардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багыттоо зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, туристтердин агымынын өсүшү менен жергиликтүү аймактарга жүк да артууда. Ошондуктан жол, суу, электр энергиясы, таштанды чыгаруу жана экология маселерин чечүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керек.
Тараптар туризмди өнүктүрүүдө борбордук жана жергиликтүү бийлик, жеке сектордун кызматташтыгын күчөтүү, туристтик объектилердин инфраструктурасын жакшыртуу жана инвестициялык долбоорлорду колдоо боюнча сунуштарды биргелешип иштеп чыгууга макулдашышты.
