Маматалиев жаңы айдоочулук күбөлүк эл аралык талаптарга толук кандуу жооп берээрин билдирди
Жогорку Кеңештин жыйында спикер Марлен Маматалиев депутаттарды жаңы айдоочулук күбөлүккө байланышкан теманы кайра-кайра көтөрө бербөөгө чакырды.
Айтымында, депутаттар тобу улуттук документтер чыгарылган “Учкун” ААКка барышкан жана ТИМ жана “Унаа” мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрүшкөн.
“Алар документтердин үлгүлөрү башка мамлекеттерге өз убагында жеткирилгенин расмий тастыкташты. Бир да мамлекеттен кандайдыр бир эскертүү болгон эмес, конвенциянын талаптарына толугу менен жооп берген. Ошондуктан бул теманы мындан ары көтөрбөй, жаап койсок болот”, – деди төрага.
