Айданек борборунун тарбиялануучулары үчүн майрамдык иш-чара өттү
31 декабрь

Айданек борборунун тарбиялануучулары үчүн майрамдык иш-чара өттү

«Айданек» реинтеграция борборунда тарбиялануучулары үчүн «Кай жана Герда» майрамдык иш-чара өттү. 

Ганс Кристиан Андерсендин жомогу жараткан сыйкырдуу атмосфера балдарды жана мугалимдерди чыгармачылыкка, кубанычка жана майрамдык маанайга толгон кызыктуу программага чогултту.

Иш-чарага Борбордун бардык тарбиялануучулары жана кызматкерлери активдүү катышышты. Балдар  жомоктогу спектаклден гана ырахат алышпастан, чыгармачыл бөлмөлөрдө да өз таланттарын көрсөтүштү.

"Айданек" борбору 3 жаштан 18 жашка чейинки курактагы турмуштук оор кырдаалда турган балдарына социалдык, психологиялык жана алгачкы медициналык колдоо көрсөтөт.