Бишкекте акча алмаштыруу пунктунан 200 миң сом уурдалган: шектүүлөр кармалды
2026-жылдын 16-март күнү Бишкек шаарынын Свердлов РИИБжаран Ш.Э. арыз менен кайрылган. Анда ал ошол эле күнү болжол менен түнкү саат 02:00дөн 02:30га чейин Бишкек шаарындагы чоң соода базарларынын биринде белгисиз адамдар валюта алмаштыруу пунктуна мыйзамсыз кирип, жашыруун түрдө 200 миң сом жана 27 миң теңге акча каражатын жашыруун түрдө уурдап кетишкен.
Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 205-беренесине (Урдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 2002-жылы туулган Т.А., жана 1998-жылы туулган Т.У., аттуу жарандар аныкталып, Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасын КЖПКнын 96-беренесине ылайык БШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
