Окуучуларга коркутуу билдирүүлөрүн тараткан адамдын өздүгү аныкталды
Борбордогу бир катар мектептердин окуучуларына карата тараган коркутуулар кылдат түрдө текшерилүүдө. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Окуу жайларда зарыл иш-чаралар өткөрүлүп, шектүү буюмдар жана коопсуздукка коркунуч жараткан жагдайлар аныкталган жок.
Милиция кызматкерлери тарабынан коркутууларды тараткан адамдын өздүгү аныкталып, ал 2005-жылдын 23-октябрында туулган чет элдик жаран Овсюк Ярослав Михайлович болуп чыкты. Алынган маалыматтар боюнча, аталган жаран мурда Россиянын ИИМи тарабынан телефон аркылуу терроризмге шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн. Анын Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөнү катталган эмес.
Окуучулардын жана мугалимдердин коопсуздугун камсыздоо максатында бардык мектептерде милициянын кошумча күчтөрү тартылган. Айрым билим берүү мекемелери убактылуу аралыктан окутуу форматына өткөрүлдү. Келип жаткан бардык билдирүүлөр жана кайрылуулар дароо текшерилип жатат.
Ички иштер министрлиги жарандарды сабырдуулукту сактоого жана дүрбөлөңгө алдырбоого чакырат.
