Борбордук милициянын кызматкерлери ири суммадагы интернет алдамчылыгына шектүүнү кармашты
2025-жылдын 16-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБдин Тергөө кызматына Т.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2025-жылдын 1 сентябрынан 11 сентябрына чейинки аралыкта, белгисиз адамдар, өздөрүн банк жана күч органдарынын кызматкерлери катары тааныштырып, ишенимге кирип, жабырлануучунун батирин 8 миллион 880 000 сом сомго сатууга көндүрүп, акча каражаттарын өздөрүнүн банктык эсептерине которуп алып, байланышка чыкпай калгандарын билдирген.
Бул факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209 1 беренеси боюнча кылмыш ишин козголгон.
ЫКчам-тергөө жана техникалык иштердин жүрүшүндө, кылмыштуу аракеттерин, башкача айтканда алдамчылык схемасын ишке ашыруу максатында банктык карталарды активдештирип, жабырлануучу адамды батирин сатууга да көндүргөн 2007 жылы туулган А.Н. аттуу шектүү аныкталып кармалган.
Шектүү Тергөө кызматына жеткирилип, свердлов райондук сотунун чечими менен Бишкек шаардык №1 Тергөө абагына 1 айлык мөөнөткө камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.
Азыркы учурда аталган алдамчылык схеманын башка катышуучуларын аныктоо үчүн бардык тиешелүү тергөө иштери улантылууда.
