Кыргызстан этникалык кыргыздардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жүрүү тартибин жөнөкөйлөттү
27 март

Кыргызстан этникалык кыргыздардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жүрүү тартибин жөнөкөйлөттү

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндөгү жобого өзгөртүүлөр киргизилгендигин маалымдайт (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 токтому).

Кабыл алынган өзгөртүүлөр миграциялык процесстерди мындан ары тартипке келтирүүгө, чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүсүн мыйзамдаштыруу механизмдерин жеңилдетүүгө, ошондой эле кирүү жана жүрүү үчүн так, ачык-айкын, ийкемдүү шарттарды түзүүгө багытталган.

Тактап айтканда, этникалык кыргыздардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук статусун жөнгө салууну караган атайын норма киргизилди. Ага ылайык, мурда белгиленген мөөнөттөн өтүп кетип, уруксат бочен берүүчү документтерди өз убагында тариздебеген адамдарга Кыргызстандын аймагына бир жолу кирүү укугу берилип 30 жумушчу күндүн ичинде өз укуктук макамын легалдаштыруу мүмкүнчүлүгү каралат.

Министрлик чет өлкөлүк жарандарды жана кабыл алуучу тараптарды КР аймагында жүрүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн так сактоого чакырат жана өлкөнүн аймагында жүрүүнү пландаштырууда күчүнө кирген өзгөрүүлөрдү эске алууну сунуштайт. 

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет