Ысык-Көлдө Кыргызстан нейрохирургдар ассоциациясынын IV эл аралык конгресси өтүүдө
6 сентябрь

Ысык-Көлдө Кыргызстан нейрохирургдар ассоциациясынын IV эл аралык конгресси өтүүдө

Конгресстин расмий ачылышы 6-сентябрда болду. Конгресстин Президенти жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышуучулар менен амандашып, аларга дүйнөлүк масштабда нейрохирургиялык жардамдын сапатын жогорулатууга багытталган жемиштүү талкууларды жана тажрыйба алмашууну каалады.

Иш-чарага алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн нейрохирургиянын дүйнөлүк лидерлери, анын ичинде Бүткүл дүйнөлүк нейрохирургдар федерациясынын (WFNS) президенти Луис Борба катышты. Ошондой эле Азербайжан, Беларусь, Бразилия, Германия, Кытай, Казакстан, Россия, Түркия, Финляндия, Өзбекстан, Япония жана башка өлкөлөрдүн академиктери, профессорлору жана медициналык мекемелеринин жетекчилери катышты.

Конгресстин программасы нейрохирургиянын негизги багыттарын камтыйт, анын ичинде:

• Нейроонкология: Нейроонкологиялык оорулууларды дарылоонун заманбап ыкмалары.

Нейроваскулярдык хирургия: Салттуу микрохирургиянын жана минималдуу инвазивдик эндоваскулярдык хирургиянын мүмкүнчүлүктөрү.

Омуртка нейрохирургиясы: Омуртка ооруларын дарылоодогу жаңы тенденциялар.

Балдар нейрохирургиясы: Педиатриялык нейрохирургияда дарылоонун заманбап ыкмалары жана принциптери.

Кранио-вертебралдык жаракаттар: Борбордук нерв системасынын жаракаттарын дарылоодо жана реабилитациялоодо дифференциалдуу мамиле.