президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
17 июнь
Ала-Бука – Кербен унаа жолунда капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө
Ала-Бука – Кербен автожолунун 14,2 чакырым аралыгында капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Облус башчысы Тилек Текебаев иштин жүрүшүнөн кабар алып, долбоордун сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Долбоордун алкагында жолдун белгиленген бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, транспорттук каттамдын коопсуздугун жана сапатын жогорулатуу максат кылынган.
Жол оңдоо иштеринин буюртмачысы болуп “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасы саналат. Курулуш-монтаж иштерин подрядчы мекеме катары “Дорсервис” ААКсы жүргүзүүдө.
Долбоордун жалпы сметалык баасы 482 млн 912 миң сомду түзөт.
