Адылбек Касымалиевдин Казакстанга болгон жумуш сапары аяктады
27 март

Адылбек Касымалиевдин Казакстанга болгон жумуш сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин үстүбүздөгү жылдын 26–27-март күндөрү Казакстан Республикасына болгон жумуш сапары аяктады. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Соода-экономикалык жана ар тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн камтыган тар жана кеңейтилген курамда өткөрүлгөн жыйындын күн тартибине ылайык ондон ашуун маселе каралып, бир катар документтерге кол коюлду. 

Отурумдарга Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын өкмөт башчылары, Армения Республикасынын Вице-премьери, ошондой эле Биримдикке байкоочу мамлекеттердин делегация башчылары жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы катышты. 

Сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев делегация башчылары менен биргеликте “Digital Qazaqstan – 2026” (Санарип Казакстан – 2026) эл аралык санарип форумуна катышып, форумдун алкагындагы санарип долбоорлордун көргөзмөсү менен таанышып, пленардык сессиясында сөз сүйлөдү.

Форум санариптик майнинг, крипто биржа, кибер коопсуздук, билим берүү жана корпорациялык инновация сыяктуу азыркы учурдун актуалдуу темаларын камтыды.