Казак эл акыны Мухтар Шаханов дүйнө салды
www
20 апрель

Казак эл акыны Мухтар Шаханов дүйнө салды

83 жашында казак акыны, драматург жана коомдук ишмер, «Казакстандын Эмгек Баатыры» Мухтар Шаханов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу казак ЖМКлары жазды. 

Маалыматта айтылгандай, ал 8-апрелден бери реанимацияда жаткан. Буга чейин акындын абалы оор экени кабарланган.

Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги акындын жакындарына жана жалпы элге көңүл айтты.

Ведомство Шахановдун адабиятты өнүктүрүүгө кошкон салымын жана анын активдүү жарандык позициясын белгиледи.

«Мухтар Шахановдун кайраттуу мүнөзү, күчтүү духу, адилеттүүлүктү коргоодогу туруктуулугу жана элдин кызыкчылыгына берилгендиги элдин эсинде түбөлүккө сакталат. Жаткан жери жайлуу болсун. Жараткан анын жанын бейиштен кылсын», — деп айтылат билдирүүдө.