Базар-Коргон РИИБ: чоң атасы тарабынан зордукталган 15 жаштагы кыз
9 февраль

Базар-Коргон РИИБ: чоң атасы тарабынан зордукталган 15 жаштагы кыз

2026-жылдын күнү 5-февраль Базар-Коргон РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, Базар-Коргон районунун 1991-жылы туулган Т.М. арыз менен кайрылган. Анда 1955-жылы туулган М.М. аттуу жаран өзү жашаган үйдө, 2011-жылы туулган М.М. аттуу жашы жете элек небересине карата физикалык зомбулук көрсөтүп, зордуктап жыныстык катнашка барганын билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган маалымат 2026-жылдын 5-февраль күнү Базар-Коргон РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле кызга карата тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Козголгон кылмыш ишине шектүү катарында, 2026-жылдын 5-февраль күнү Базар-Коргон районунун 71 жаштагы М.М. аттуу тургуну кармалып, Базар-Коргон райондук соту тарабынан эки айлык мөөнөткө камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.