Автоээнбаштык жасаган айдоочулар аныкталып унаалары айып короо жайына токтотулду
Чүй облусунун Жайыл районун Эриктүү айылында автоээнбаштык жасаган унаалар туралуу видео тасма жарык көргөн.
Бул факты боюнча Жайыл РИИБү боюнча ЖКК бөлүмчөсүнүн издөө кызматкерлери тарабынан аталган унааларды ыкчам таап, унаалардын айдоочуларына ар бирине Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 189-беренесине ылайык 15000 миң сомдон айып салуу менен унааларын айып короо жайына токтотушту, бардыгы болуп айдоочурага 80500 сомго айып пул салынды.
Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБгы айдоочурды жол эрежесин так сактоого чакырат.
