Баткен районунда зомбулуктун алдын алуу боюнча жөө жүрүш өттү
Баткен ОИИБ
16 март

Баткен районунда зомбулуктун алдын алуу боюнча жөө жүрүш өттү

Баткен райондук милициясынын А. Шагамурзаев атындагы Таян милициясынын айылдык бөлүмчөсү тарабынан Алтын-Бешик айыл аймагындагы Таян айылында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында жөө жүрүш уюштурулду. 

Облустук милициядан кабарлашкандай, иш-чара айыл өкмөтү жана ата-энелер менен биргеликте өткөрүлүп, ага 50–60тай ата-эне катышты.

Жөө жүрүш учурунда коомдук тартипти камсыздоо максатында милициянын кызматтык автоунаасы коштоп жүрүп, укук бузууларга жол берилген жок.

Иш-чаранын негизги максаты – үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, коомчулуктун көңүлүн бул көйгөйгө буруу жана жарандарды мыйзамдуулукту сактоого чакыруу.