Чек араны тактоодон кийин Кыргызстандын аянты 15 миң 572 гектарга кеңейди
Сүрөт ачык булактардан алынды
21 июль

Чек араны тактоодон кийин Кыргызстандын аянты 15 миң 572 гектарга кеңейди

Кошуна мамлекеттер менен чек араны тактоодон кийин Кыргызстандын аянты 15 миң 572 гектарга кеңейди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымына караганда, 2020-жылга чейин Кыргызстандын жалпы аянты 199,9 миң чарчы чакырымже 19 миллион 994 миң гектар болгон.

"Кошуналар менен чек араны тактоодон кийин жерибиз 15 миң 572 гектарга кеңейип, бүгүнкү күндө Кыргызстандын аянты 20 миллион 9 миң 572 гектарды түзөт. Анын 94,4 пайызы тоолуу аймактар", - деди ал.

Мамлекте башчысы Кыргызстанда жалпы 6 миллион 732 миң гектар айыл чарба жери бар экендигин айтты.

"Анын 1 миллион 82 миң гектарын элибиз жеке менчикте айыл чарба багытында пайдаланат. Жалпы республика боюнча ар кандай багыттагы 18 миллион 698 миң гектар жер мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турат. Анын 18 миллион 639 миң гектары мамлекеттик, 59 миң гектары муниципалдык менчиктеги жерлер.

Ал эми бүгүн инвестициялык долбоорлор үчүн 1992-жылдан берки мыйзамдын алкагында пайдаланууга берилген жерлердин жалпы аянты өлкөбүздүн аймагынын 0,1 пайызынан ашпайт. 1 пайыз дагы эмес, 0.1 пайыздан ашпайт", - деди ал.