Борбордук милициянын Кылмыш иликтөө башкармалыгы тарабынан “Мал уурулук” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү
23 сентябрь

Борбордук милициянын Кылмыш иликтөө башкармалыгы тарабынан “Мал уурулук” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү

Бишкек шаарынын аймагында мал уурулукту алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында, Борбордук милициянын Кылмыш иликтөө башкармалыгы жана Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте “Мал уурулук” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында, шаардагы эт сатылган базарларда, мал базарларда, мал союлуучу жайларда, эт азыктарын иштеткен цехтерде жана мал ташыган автоунаалар текшерүүгө алынды. Идентификациядан өтпөгөн жана ветеринардык уруксат кагаздары жок мал жандыктары боюнча көзөмөл иштери жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, мал жандыктарын ташыган, саткан жана кайра иштетүү менен алектенген ишкерлер менен Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары, тактап айтканда, малды каттоо, ташуу жана сатуудагы мыйзамдуу талаптар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Эгерде сиздин менчигиңизде же бизнесиңизде кылмыш жолу менен алынган мал жандыктар аныкталса, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 217-беренесине (Кылмыш жолу менен алынгандыгы белгилүү болгон мүлктү сатып алуу же сатуу) ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларыңызды эскертебиз.