Министрлер Кабинетинин Төрагасы куткаруучуларга ыраазычылык билдирди
20 август

Министрлер Кабинетинин Төрагасы куткаруучуларга ыраазычылык билдирди

Өлкө аймагында суу коопсуздугун камсыз кылууда жана өмүргө коркунуч туудурган өзгөчө кырдаалдарда көрсөткөн эрдиги үчүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 15-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жети куткаруучусуна ыраазычылык билдирди. Алар:

  • Улан Батырбаев – Суучулдарды даярдоо жана суу астындагы техникалык иштерди жүргүзүү борборунун суу транспорт бөлүмүнүн башчысы;
  • Камбар Жанболотов – Бишкек шаары боюнча башкармалыктын Свердлов райондук өзгөчөө кырдаалдар бөлүмүнүн жарандык коргонуу бөлүмүнүн капитаны;
  • Аскарбек Казыбеков – Суучулдарды даярдоо жана суу астындагы техникалык иштерди жүргүзүү борборунун терең суудагы шаймашай суучулдар бекетинин башчысы, лейтенант;
  • Назар Карыбаев – Бишкек шаары боюнча башкармалыктын Свердлов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жарандык коргонуу бөлүмүнүн офицери, лейтенант;
  • Искендер Рысалинов – Суучулдарды даярдоо жана суу астындагы техникалык иштерди жүргүзүү борборунун терең суудагы шаймашай суучулдар бекетинин улук нускоочу-суучулу, прапорщик;
  • Куштарбек Ташбулатов – Бишкек шаары боюнча башкармалыктын Свердлов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №2 өрт-куткаруу бөлүмүнүн башчысы, капитан;
  • Азамат Токтоналиев – Суучулдарды даярдоо жана суу астындагы техникалык иштерди жүргүзүү борборунун терең суудагы шаймашай суучулдар бекетинин улук нускоочу-суучул, прапорщик.