Бишкекте тогуз каттамдын схемасы убактылуу өзгөртүлдү
Үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрынан тарта Фучик көчөсүнүн Дэн Сяопин проспектисинен “Аска-Таш” конушуна чейинки бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.
Мэриядан кабарлашкандай, мындан улам төмөнкү каттамдардын схемасы убактылуу өзгөртүлдү: №120-М, № 133, № 161, № 173, № 185, № 13, № 35, № 153, № 243.
Бишкек шаарынын мэриясы бул убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылып, каттамдарды алдын ала пландаштырып, мүмкүн болушунча коомдук транспортту колдонууну өтүнөт.
