Кыргызстанда 2027-жылдагы ажылыкка каттоо 25-августта башталат
Сүрөт ачык булактардан алынды
13 август

Кыргызстанда 2027-жылдагы ажылыкка каттоо 25-августта башталат

Кыргызстанда 2027-жылдагы ажылыкка каттоо 25-августта башталат. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты. 

Каттоо саат 09:00дө ачылып, каалоосулар белгиленген алгачкы төлөм 180 ми сом төлөмдү өзүнө ыңгайлуу банк тиркемеси (электрондук капчык) аркылуу төлөөсү керек.

Төлөм кабыл алуу ажыларга белгиленген орундар (квоталар) толгонго чейин жүргүзүлөт. Каттоо учурунда ажыларга берилген орундар (квоталар) толуп калса “Ажылык” мамлекеттик санариптик системасы автоматтык түрдө төлөм кабыл алууну токтотот.

2027-жылдагы Ажылык сапарына белгиленген алгачкы төлөмдү төлөп катталган жарандар төлөм төлөгөн убактысына карап «Ажылык» мамлекеттик санариптик системасынан автоматтык түрдө орундар ыйгарылып кезекке коюлат.

Эскертүү!

• Каттоого алынган талапкерлер белгиленген мөөнөттө ажылыкка тиешелүү бардык зарыл иш кагаздарын толуктап, «Ажылык» мамлекеттик санариптик системасына жүктөөсү зарыл.

• Быйыл ажылыкка катталуу улуттук валюта (сом) менен жүргүзүлөт.