Төрага Марлен Маматалиев эл аралык киноиндустрия өкүлдөрү менен жолугушту
5 сентябрь

Төрага Марлен Маматалиев эл аралык киноиндустрия өкүлдөрү менен жолугушту

5-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык амбассадорлору катары Кыргызстанга келген дүйнөлүк киноиндустриянын көрүнүктүү өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга Россия Федерациясынын эл артисти, театр жана кино актрисасы Наталья Аринбасарова, «Оскар» сыйлыгынын лауреаты, кинопродюсер Збигнев Жмутский, белгилүү Голливуд актёру Дон Уилсон, актриса Бай Линг, продюсер жана режиссёр Еркен Ялгашев, ошондой эле коомдук ишмер жана алып баруучу Ассоль Молдокматова катышты.

Баарлашууда тараптар кино тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, Кыргызстанды эл аралык кинодолбоорлор үчүн жагымдуу аянтча катары таанытуу жана өлкөнүн маданий мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөлүк аудиторияга жайылтуу маселелерин талкуулашты.

Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан эбегейсиз маданий жана жаратылыш потенциалына ээ өлкө экенин белгилеп, бул байлыктар дүйнөлүк аудиторияга азырынча толук деңгээлде тааныштырылбай келе жатканын билдирди.

«Сиздердин кадыр-баркыңыздар жана кесиптик тажрыйбаңыздар эл аралык коомчулуктун Кыргызстанга жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына болгон кызыгуусун дагы да арттырууга көмөк көрсөтөрүнө ишенем. Мунун баары кызыктуу жана масштабдуу эл аралык кинодолбоорлорду ишке ашырууга бекем негиз боло алат. Биз сиздерге Кыргызстанды кооз жаратылышы бар өлкө катары гана эмес, тарыхыбыздан, маданиятыбыздан жана салттарыбыздан шыктанган мазмундуу окуяларды жаратууга мүмкүн болгон чыгармачыл мейкиндик катары кароону сунуштайбыз», — деди Төрага.

Муну менен катар Марлен Маматалиев меймандарды кыргызстандык адистер менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга чакырып, мындай кызматташтык жаңы тасмаларды жаратууга гана эмес, ата мекендик киноиндустрияны өнүктүрүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жана эл аралык маданий байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишенерин билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө чет өлкөлүк киноиндустрия өкүлдөрү жылуу кабыл алгандыгы үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасына терең ыраазычылыктарын билдиришип, Кыргызстандын кайталангыс жаратылышы жана кооз аймактары Голливуд деңгээлиндеги ири кинодолбоорлорду тартууга толук мүмкүнчүлүк берерин баса белгилешти.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен эл аралык кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымдары эске алынып, эл аралык кино чеберлерине Жогорку Кеңештин сыйлыктары тапшырылды.