Министр Жээнбек Кулубаев Лихтенштейндин вице-премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү
КР ТИМ
27 март

Министр Жээнбек Кулубаев Лихтенштейндин вице-премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

2026-жылдын 27-мартында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Лихтенштейн Княздыгынын вице-премьер-министри, тышкы иштер, айлана-чөйрө жана маданият министри Сабине Монаунинин ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү өттү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарын, анын ичинде саясий диалогду өнүктүрүү жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Тоолорду туруктуу өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, Министр Ж.Кулубаев Лихтенштейн делегациясын 2027-жылдын октябрында өтө турган “Бишкек+25” Экинчи глобалдык тоо саммитине жогорку деңгээлде катышууга, ошондой эле 2026-жылдын апрелинде Бишкекте өтө турган Дүйнөлүк тоо жаштары фестивалына чакырды.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында министрлер эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча ишти улантууну макулдашты.