Чукул билдирүү: Суук түшүп, үшүк жүрөт
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, эртең, 24-25-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде аба ырайы 0…-2°ка чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк мөмө жана жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы, жер-жемиштерге коркунучтуу.
ӨКМ дыйканчылык талааларында үшүп кете турган түшүмдөрдү жылуу жайда кармоону жана үшүк өтүп кеткенден кийин жыйноо сунушталарын эскертет.
